Адыл Акжол уулуна дагы бир кылмыш иши козголду
RU

Адыл Акжол уулуна дагы бир кылмыш иши козголду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан блогер Адыл Акжол уулуна карата дагы бир кылмыш иши козголду. Бул тууралуу редакцияга башкармалыктан билдиришти.

Маалым болгондой, 22-июлда УКМКнын түштүк аймагы боюнча башкармалыгына Ысык-Көл облусунун 1973-жылы туулган тургуну К.Э. кайрылган. Арыздануучунун айтымында, 8-июлда блогер Адыл Акжол уулу YouTube баракчасына жарыялаган видеону өчүрүү үчүн акча талап кылган.

Бул факты катталып, Өзгөн РИИБи жана УКМК тергөө иштерин баштаган. Керектүү экспертизалар дайындалып, "опузалап пара талап кылуу" беренеси боюнча кылмыш ишин козголгон.

Учурда ички иштер башкармалыгы жана УКМК тергөө иштерин улантууда.

Эске салсак, Адыл Акжол уулу 2024-жылдын 5-августунда дагы бир кылмыш ишинин алкагында кармалган. Ал "Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыкка чакыруу, ошондой эле жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакыруу" беренеси боюнча айыпталып, камакка алынган.

Адыл Акжол уулу эркин журналист, блогер жана ютубер. Ошондой эле ЭлТР, УТРКнын башкы директорунун орун басары болуп иштеген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17170