Бишкектеги мектептердин биринде эвакуациялоо жүрүүдө
RU

Бишкектеги мектептердин биринде эвакуациялоо жүрүүдө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги №13 мектепте эвакуация жүрүүдө. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына Бишкектин Ленин райондук ички иштер бөлүмүнөн билдирди.

Маалымдалгандай, бүгүн, 3-сентябрда саат 10:45те милицияга Москва көчөсүндөгү мектептин имаратына жардыруучу зат коюлганы тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барышып, бардык балдарды жана кызматкерлерди эвакуациялашты. Имарат курчоого алынып, жардыруучу затты издөө иштери жүрүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17167