Баткендин баңги өсүмдүгүн чакаларга өстүргөн тургун аныкталды
RU

Баткендин баңги өсүмдүгүн чакаларга өстүргөн тургун аныкталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кызыл-Кыя шаарынын тургуну үйүндө баңги өсүмдүгүн өстүрүп жүргөнү аныкталды. Баткен ОИИБден билдиришкендей, жергиликтүү тургун өсүмдүктү чакаларга өстүрүп жаткан.

Облустук башкармалыктын Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери 65 жаштагы тургундун үйүндө 3 чакага өстүрүлгөн өсүмдүктү аныкташкан.

Бул факты 288-берененин (баңгизат каражаттарын камтыган өсүмдүктөрдү себүү жана өстүрүү) негизинде кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизанын корутундусуна ылайык, өсүмдүк баңгизаттын канабис түрү экени белгилүү болгон. Баңги өсүмдүгүнүн салмагы 300 граммга жакын. Учурда бул иш боюнча текшерүү иштери жүрүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17156