Испаниядагы фестивалда миңдеген адамдар 150 тонна помидор менен чабышты
RU

Испаниядагы фестивалда миңдеген адамдар 150 тонна помидор менен чабышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Испаниянын Буньол шаарында жыл сайын өтүүчү La Tomatina фестивалы болду. Анда миңдеген адамдар көчөгө чыгып, помидорду бири-бирине ыргытышты.

Тамак-ашка жараксыз 150 тонна помидор унаа менен алдын ала ташылган. Бул майрамга VIP билеттер 500 доллардан сатылган. Ал акчага помидорлорду түз эле жүк ташуучу унаалардан ыргытышкан.

Аталган фестиваль 50-жылдардан бери өтөт. Жергиликтүү бийлик адегенде майрамга тыюу салууга аракет кылган. Бирок кийин алар буга жол берип, иш-чараны өздөрү көзөмөлдөй башташты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17153