Жогорку Кеңештин депутаттары ишке киришип, жаңы эл өкүлдөрү ант беришти
RU

Жогорку Кеңештин депутаттары ишке киришип, жаңы эл өкүлдөрү ант беришти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 2-сентябрда Жогорку Кеңештин VII чакырылыштагы депутаттарынын IV сессиясы башталды.

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Шакиев сессияны ачык деп жарыялагандан кийин Кыргызстандын гимни жаңырды.

Андан кийин жаңы депутаттар ант беришти.

  • Айжигит Тыналиев (№36 Ысык-Көл шайлоо округу);
  • Бакытбек Марипов (№5 Ноокат шайлоо округу);
  • Аккулу Бердиев ("Бүтүн Кыргызстан" фракциясы);
  • Арсланбек Эгембердиев ("Ата Журт Кыргызстан" фракциясы);
  • Эрнис Айдаралиев ("Ыйман Нуру" фракциясы).

Ал эми №29 Свердлов шайлоо округунан депутат болуп шайланган Жумабек Салымбеков жыйынга келе алган жок. Спикер Нурланбек Шакиевдин айтымында, жаңы депутат ден соолугуна байланыштуу келе алган жок.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17149