Көк бөрү боюнча президенттик кубокту "Ак Илбирс" командасы жеңип кетти
RU

Көк бөрү боюнча президенттик кубокту "Ак Илбирс" командасы жеңип кетти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Көк бөрү боюнча Президенттин кубогуна арналган турнирде "Ак Илбирс" командасы жеңишке жетти.

Финалдык оюнда кубок үчүн "Шахтёр" жана "Ак-Илбирс" командалары күч сынашты. Биринчи бөлүктө "Ак-Илбирс" 2 салым салып үстөмдүк кылса, экинчи бөлүктө "Шахтёр" командасы эсепти теңеп кетти. Оюндун үчүнчү бөлүгү 3:3 эсеби менен аяктап, алтын салым үчүн кошумча 10 мүнөт берилди. Жыйынтыгында Бакытбек уулу Кутман алтын салымды салып, "Ак-Илбирске" жеңиш алып келди.

Белгилесек, көк бөрү боюнча Президенттин кубогуна арналган турнир 28-августта Чолпон-Атадагы ат майданда башталган. Турнир Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына байланыштуу бир гана лиганын алкагында, олимпиадалык системанын негизинде өткөрүлдү.

Кубок үчүн жалпы 14 команда (Ак-Суу, Алтын-Альянс, Ак Илбирс, Ысык-Ата, Казарман, Ала-Арча, Талас шаары, Бапа Барскоон, Бийиктик, Ичке-Суу, Асанбек-Ата, Кара-Ой, Шахтёр, Чүй-Токмок) ат салышты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17142