Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: Кыргыз курамасынын алгачкы тобу Казакстанга жөнөп кетти
RU

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: Кыргыз курамасынын алгачкы тобу Казакстанга жөнөп кетти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарындагы ат чабыш марафонуна катышуу үчүн кыргызстандык чабандестер Астана шаарына (Казакстан Республикасы) жөнөп кетти.

Спортчуларды Дене тарбия жана спорт департаментинин директорунун орун басары Самат Токтоналиев жана жакын туугандары узатышты.

Чабандестер 500 чакырым аралыкка ат чабышат. Курама команданын тизмеси:

  • Асланбек Чоноев
  • Балбай Ильяев
  • Жашар Тогузбаев;
  • Азамат Маданов;
  • Эржан Токбергенов;
  • Эдилбек Жуматаев.

Чабандестерди команданын жетекчиси Манасбек Султанов, саяпкер Жеңишбек Батыркулов, ветеринар Ирина Шулгова жана такачы Жаныбек Дүйшөбаев коштоп кетти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17137