Ташиев жарандарды жаңы Ак үйгө экскурсияга чакырды
RU

Ташиев жарандарды жаңы Ак үйгө экскурсияга чакырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев жарандарды президенттик администрациянын жаңы имаратына экскурсияга чакырды. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазып, жаңы Ак үйдүн тосмосуна байланыштуу сындарга да жооп берди.

"Социалдык түйүндөрдөн тегерек-чети темир тосмо менен курчалганы талкууга түшүп жатканын окуп калдым. "Аянттагы Ак үйдүн тосмосун алып салышып, жаңы Ак үйдү кайра тосмо менен тосуп алышты, элден жашынышты" деген сөздөр айтылып жатат.

Биз эч качан элден жашынган эмеспиз жана жашынбайбыз. Дүйнө жүзүндөгү бардык өлкөлөрдө президенттик имараттар мамлекеттик кайтарууга алынат.

Эгер темир тосмо менен курчабасак, анда мен мамлекеттик күзөт кызматына 50-60 кызматкерди кошумча алышым керек экен. Алардын айлык эмгек акыларына миллиондогон каражаттар кетет экен. Бул каражаттар элдин каражаттары. Ошол каражаттарды түбөлүк үнөмдөш үчүн тегерегин курчап койдук.

Мен коопсуздукка жооп берген адам катары дагы бир жолу кайталайм. Биз элден эч качан жашынбайбыз.

Ошол үчүн 2-сентябрдан баштап каалаган кыргызстандыктар жумуш күндөрү күндүзгү убакта жаңы салынган Ак үйгө келип, экскурсия кылып кетсеңер болот. Бул үчүн атайы сектор ачып, үч кызматкерди даярдап койдум. Алар келген элди экскурсия кылдырышат", - дейт Ташиев.

УКМКнын башчысы белгилегендей, жаңы Ак үйдү көрүүнү каалагандардын жанында сөзсүз түрдө жарандык паспорту же ID картасы болушу зарыл. Экскурсия бир жаранга бир эле жолу болот. Кайра-кайра кайталап кирүүгө болбойт.

Белгилесек, 30-августта президенттик администрациянын жаңы имараты - Ынтымак Ордонун ачылыш аземи болду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17132