Нуржигит Кадырбеков депутаттык мандатын тапшырат
RU

Нуржигит Кадырбеков депутаттык мандатын тапшырат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков мандатын тапшыруу боюнча арыз жазды. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

БШК мүчөлөрүнүн айтымында, арыз бүгүн, 30-августта берилди. Арыз Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында каралат.

Мандат "Ыйман Нуру" партиясынын тизмеси боюнча кийинки талапкер Эрнис Айдаралиевге өтүшү мүмкүн.

Нуржигит Кадырбеков өзү социалдык тармактагы баракчасына: "Алла Таалам көрүп турат. Эң негизгиси башкаларга зыяныбыз тийбесин", - деген билдирүү калтырды.

Эске салсак, ушул жылдын 22-июлунда Каржы министрлигине караштуу ички аудит кызматы буга чейин Кадырбеков жетектеп келген "Ыйман" фондунун ишмердүүлүгүн текшерүүгө алган.

Аудиттин маалыматы боюнча, 2014-2015-жылдары "Ыйман" фондуна 5 миллион 104 миң 524 доллар түшкөн. Анын 4 миллион 999 миң 674 доллары Түркиянын Маданият министрлигине караштуу Кызматташтык жана координация агенттиги тарабынан диний билим берүүнү тартипке келтирүү максатында которулган. Мындан тышкары 2014-2018-жылдары фонддун эсеби ар кандай каражаттар жана жеке адамдар тарабынан которулган 24 миллион 866 миң 512 сомго толукталган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17122