Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында спортчулардын кие турган формасы даяр болду
RU

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында спортчулардын кие турган формасы даяр болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катыша турган Кыргыз Республикасынын курама командасынын кие турган параддык жана спорттук экипировкасы даяр болду. Бул туурасында Дене тарбия жана спорт департаментинен кабарлашты.

Параддык форманы курама команда 8-сентябрь күнү оюндардын ачылыш аземинде кийип чыгат.

Жалпы экипировка 10 элементтен турат: атайын параддык форма (калпак, блейзер-пиджак, поло футболка, шым), спорттук форма (кепка, бомбер куртка, футболка, карго шым, спорттук бут кийим, рюкзак).

Экипировканы Дене тарбия жана спорт департаментинин алдындагы Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы менен атайын даярдалып, ата мекендик Bigser sport компаниясы тиккен.

Белгилесек, V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 8-сентябрдан 13-сентябрга чейин Казакстандын Астана шаарында өтөт. Ага Кыргызстандан 183 спортчу катышат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17119