Кыргызстанда мектептерде 17 миллиондон ашык окуу китеп жетишпей турганы айтылды
RU

Кыргызстанда мектептерде 17 миллиондон ашык окуу китеп жетишпей турганы айтылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча 2012-2022-жылдар аралыгында окуучулардын саны 1 млн 12 миң 303төн 1 млн 447 миң 717ге чейин өскөн. Мындан улам, мектептик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартына, предметтик стандарттарга жана окуу программаларына ылайык мектептерди окуу китептери менен толук камсыздоо үчүн 17 млн 236 миң 466 нускада окуу китеби керек. Анын ичинен:

  • кыргыз класстар үчүн – 9 млн 625 миң 380 нуска ,
  • орус класстар үчүн – 6 млн 716 миң 400,
  • өзбек класстар үчүн – 852 миң 748,
  • тажик класстар үчүн – 41 миң 938.

Акыркы 2 жылда жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыздоого республикалык бюджеттен 304 млн сом каралган. 2023-2024-жылдары жалпысынан 1 млн 167 миң 935 нускада окуу-методикалык комплекстер даярдалып, "Учкун" ААКнын басмаканасында басылып чыкты. Андан тышкары 2 млн 238 миң сомго 270 комплект (1 650 том) окуу китептери Брайль ариби менен даярдалып, басылды.

Сапаттуу окуу китептери менен камсыздоо максатында 2024-жылдын 6-июнунда Сингапурдун Marshall Cavendish басмасынан математика (алгебра, геометрия), илим (табият таануу, физика, химия, биология), англис тили предметтери боюнча иштелип чыккан окуу-методикалык комплекстерге мөөнөтсүз лицензия алынды. Бүгүнкү күндө бул китептер англис тилинен кыргыз, орус тилдерине которулууда. Бул китептер эки жылдын ичинде даярдалып, жетиштүү нускада басылат. Ошону менен катар алардын электрондук версиялары да даярдалат.

Мамлекеттик жалпы билим берүү уюмдарынын китепкана фондунда 11 млн 816 миң 255 окуу китеби бар.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17081