"Дели-Бишкек-Дели" маршруту боюнча авиакаттамдарды ачуу маселеси каралып жатат
RU

"Дели-Бишкек-Дели" маршруту боюнча авиакаттамдарды ачуу маселеси каралып жатат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

IndiGo компаниясы "Дели-Бишкек-Дели" маршруту боюнча авиакаттамдарды ачуу маселесин карап жатат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги маалымдады.

Бул үчүн айтылуу компаниянын вице-президенти Раджан Малхотра менен Кыргызстандын Индиядагы элчиси Аскар Бешимов жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Р.Малхотра IndiGo компаниясынын Дели-Бишкек-Дели багыты боюнча авиакаттамдарды баштоого даярдыгын билдирди.

Элчи Аскар Бешимов бул маселени мындан ары илгерилетүү үчүн колдон келген жардамды көрсөтүүгө даяр экенин билдирип, АКШ, Улуу Британия жана Шенген аймагы сыяктуу өлкөлөрдүн көп жылдык визасы бар Индиянын жарандары үчүн 21 күндөн кийин кайра кирүү укугу менен 7 күнгө чейин визасыз режим киргизилгендигин белгиледи.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17074