Мадумаровдун бош турган мандаты жаңы депутатка тапшырылды
RU

Мадумаровдун бош турган мандаты жаңы депутатка тапшырылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 23-августта Адахан Мадумаровдун бош калган депутаттык мандаты "Бүтүн Кыргызстан" партиясынан талапкерлердин катталган тизмесинен кийинки талапкер Аккула Бердиевге өттү. Бул тууралуу Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында билдирди.

Жыйында "Бутун Кыргызстан" саясий партиясынан талапкерлердин тизмеси боюнча Бердиев Аккулу Тагаевич ЖКнын депутаты болуп катталып, ага белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берилген.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 26-апрелинде БШК "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынан депутат Адахан Мадумаровдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон. Мындай чечимге Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун депутатка карата чыгарган өкүмү негиз болгон.

Адахан Мадумаров былтыр "мамлекетке чыккынчылык" жана "алдамчылык" беренелери боюнча камакка алынган. Ушул жылдын март айында Биринчи Май райондук соту депутатты күнөөлүү деп таап, бирок эскирүү мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу жазадан бошоткон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17071