Нуржигит Кадырбеков: Кара пиарга көнүп деле калдык. Анын жакшы жактары да бар
RU

Нуржигит Кадырбеков: Кара пиарга көнүп деле калдык. Анын жакшы жактары да бар

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Нуржигит Кадырбеков 22-августта, УКМКда сурак берип чыккандан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, өзү тарабынан жасалган кара пиарга көнүп калганын айтты.

Андан "Соңку убактарда социалдык тармактарда сизге карата кара пиар күч алып жатат, мунун себеби эмне деп ойлойсуз?", - деп сурашты.

"Эми, бул саясатта нормалдуу эле нерсе. Ага көнүп деле калбадыкпы. Руханий жактан алганда бирөө жалган-жалаа жапса сенин күнөөң кечирилет. Мунун жакшы жактары да бар", - деди ал.

Кадырбеков бүгүн УКМКга күбө катары сурак берип чыккан. Ал УКМКнын имаратынан 17:55те чыкты. Депутат күбө катары чакыртылганын айтып, тергөө жүрүп жаткан убакта сурак тууралуу деталдуу маалымат бере албай турганын кошумчалаган.

Эске салсак, 22-июлда Финансы министрлигине караштуу ички аудит кызматы "Ыйман" фондунун ишмердигин текшерүүнү баштаган. Анда "Ыйман" фондуна 2014-2015-жылдары 5 млн 104 миң 524 доллар түшкөнү айтылат. Мындан тышкары 2014-2018-жылдары фонддун эсеби 24 млн 866 миң 512 сомго толукталган. Бул акчаны ар кандай фонддор, жеке жактар которгон.

Ички аудиттин корутундусунда жогоруда көрсөтүлгөн сумма боюнча бухгалтердик отчеттун, айрым керектүү документтердин такыр эле жоктугу айтылып, бул Кыргызстандын "Бухгалтердик эсеп жөнүндө" мыйзамына каршы келери да белгиленген.

Кадырбеков 2015-2019-жылдары "Ыйман" фондун жетектеген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17067