Ысык-Көлдө Зындан тоо көлү жарылып, Туура-Суу айылынын тургундары эвакуацияланууда
RU

Ысык-Көлдө Зындан тоо көлү жарылып, Туура-Суу айылынын тургундары эвакуацияланууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көл облусунун Тоң районунда бийик тоолуу Зындан көлү жарылып, суу ташкындоо коркунучу жаралды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, окуя Мамбетов айыл өкмөтүнө караштуу Туура-Суу айылында болгон.

Жериндеги абал боюнча саат 19:45ке карата маалыматтын негизинде куткаруучулар тактоо, көзөмөлдөө иштерин жүргүзүп, жергиликтүү бийликтин техникалары менен суунун нугун буруу иштерин жүргүзүүдө.

"Зындан көлү жырылып суу каптоо коркунучу жаралгандыктан жергиликтүү тургундарды эвакуциялоо уюштурулду. Натыйжада Туура-Суу айылынын 90 жашоочусу жана Балык завод тилкесинен 70 адам жакынкы Эшперов жана Ак-Сай айылдарына көчүрүлүп, убактылуу жайгаштырылып жатат.

Мамбетов жана Күн-Чыгыш айыл аймактарынан 2 экскаватор, 3 жүктөгүч тартылып, Туура-Суу айылын суу каптоо коркунучунун алдын алуу иш чаралары жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17056