Кыргызстандын дарбыз, коондорун Россияга киргизбей коюшту. Себеби айтылды
RU

Кыргызстандын дарбыз, коондорун Россияга киргизбей коюшту. Себеби айтылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

1-августтан 8-августка чейин 64 тонна дарбыз жана коон экспорттук мыйзам бузуулардан улам Россияга киргизилген жок. Бул тууралуу Россия Федерация Россельхознадзору билдирди.

Кеп Кыргызстандан жана Казакстандан келген продукциялар тууралуу болуп жатканы белгиленген. Дарбыз жана коон ташуучуларда ташуу учурунда бузулуп калбашы үчүн зарыл болгон саман төшөнчүлөрүнүн фитосанитардык сертификаттары болгон эмес.

"Саман да өсүмдүк продуктусу болуп саналат, ал фитосанитардык сертификатта белгилениши керек, бул анын курамында коркунучтуу карантиндик отоо чөптөрдүн уруктары жок экенин тастыктайт", - деп билдирди Россельхознадзор.

Тартип бузгандардын баарына буйрук берилип, продукциялар коңшу өлкөнүн аймагына кайтарылган. Россия Федерациясынын Административдик укук бузуулар жөнүндө кодексинин 10.2-беренесинин "Россия Федерациясынын аймагына ташып келүү тартибин бузуу" боюнча ташуучуларга карата административдик укук бузуулар боюнча иштер козголгон.

Башкы беттин сүрөтү: Shutterstock.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17051