Дүйнөдөгү эң кары адам 117 жашында көз жумду
RU

Дүйнөдөгү эң кары адам 117 жашында көз жумду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

АКШда төрөлүп, чума эпидемиясынан жана эки дүйнөлүк согуштан аман калган испаниялык пенсионер Мария Браньяс Морера 117 жашында каза болгонун үй-бүлөсү ачыктады.

"Мария Браняс бизди таштап кетти. Ал өзү каалагандай көз жумду: уктап жатканда, тынч жана кыйналбастан", - деп жазган анын үй-бүлөсү X баракчасына.

Браньяс акыркы жыйырма жылын Испаниянын түндүк-чыгышындагы Олот шаарындагы Санта-Мария-дель-Тура карылар үйүндө өткөргөн. Март айында 117 жашын ошол жерден белгилеген.

Эксперттер анын психикалык жана физикалык ден соолугуна таң калып келишкен. Бирок, шейшемби күнү социалдык тармактагы катталуучуларына жазган акыркы билдирүүсүндө өзүн "алсыз" сезип жатканын айткан.

'Убакыт жакындап калды. Ыйлабагыла, мен көз жашты жактырбайм. Эң башкысы, мен үчүн кайгыга батпагыла. Каякка барбайын, мен бактылуу болом", - деген билдирүү калтырган.

Эми болсо жер жүзүндөгү эң кары адам болуп Томико Итоока эсептелип калды. Аял 1908-жылы май айында Японияда төрөлгөн. Ал азыр 116 жашта.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17046