Бишкектин четинде автоунаа сүзүп кеткен велосипедчен бала көз жумду
RU

Бишкектин четинде автоунаа сүзүп кеткен велосипедчен бала көз жумду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин четиндеги Восток айылында автоунаа сүзүп кеткен17 жаштагы велосипедчен өспүрүм көз жумду. Кайгуул милициясы билдиргендей, жол кырсык 19-август күнү түндө болгон.

52 жаштагы Subaru үгүсүндөгү машинанын айдоочусу велосипед тепкен жигитти Бишкекти көздөй баратып сүзүп алган. Жаш бала алган жаракатынан жеринде каза болгон.

Айдоочу тергөөчүгө жеткирилген. Учурда териштирүү иштери уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17040