Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата коллекциялык монета чыгарылды
RU

Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата коллекциялык монета чыгарылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 20-августтан тарта Кара-Кыргыз автономиялык облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата "Тарыхый окуялар" сериясындагы "Кара-Кыргыз автономиялык облусуна – 100 жыл" күмүш коллекциялык монетасын жүгүртүүгө киргизет. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.

"1924-жылдагы Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлүшү менен байланышкан тарыхый окуя кыргыз элинин тарыхындагы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн кайра жаралышын тастыктаган эң маанилүү дата болуп саналат", - деп айтылат Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын билдирүүсүндө.

"Кара-Кыргыз автономиялуу облусуна – 100 жыл" монетасынын алдыңкы бетинин негизги элементине Ала-Тоо, улуттук оюм-чийим жана чексиздиктин символу, "100" деген сан жана "жыл" деген сөз түшүрүлгөн.

Төмөнкү бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символу болгон ак илбирстин сүрөтү түшүрүлүп, монетанын номиналы да "10 сом" көрсөтүлгөн. Монетанын жогору жагында Ала-Тоо тоо тартылган. Монетаны тегерете "Кара-Кыргыз автономиялуу облусуна – 100 жыл" деген жазуу бар. Монетанын арткы бетинде Ала-Тоодо өскөн гүлдөрдүн сүрөттөрү менен Кыргыз Республикасынын герби түшүрүлгөн. Монетанын сол жана оң жагында: "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы" деген жазуу бар.

Монетанын төмөн жагында монетанын чыгарылган жылы "2024", металлдын жукалыгы (Ag 925) жана монетанын салмагы (28,28 г) көрсөтүлгөн. "Кара-Кыргыз автономиялуу облусуна – 100 жыл" монетасы өлкөдө расмий төлөм каражаты статусуна ээ. Улуттук банктын кассаларында коллекциялык монетанын баасы 4 миң 820 сомду түзөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17039