Жогорку Кеңештин депутаты Мейкинбек Абдалиев мандатынан ажыратылды
RU

Жогорку Кеңештин депутаты Мейкинбек Абдалиев мандатынан ажыратылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин "Ата Журт-Кыргызстан" фракциясынан депутаты Мейкинбек Абдалиев мандатынан ажыратылды. Мындай чечимди Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүнкү, 19-августтагы жыйынында кабыл алды.

Абдалиев депутаттыктан өз ыктыяры менен баш тартып арыз жазганы белгилүү болду. Анын ордуна тизме боюнча Арсланбек Эгембердиев эл өкүлү болуп келмекчи.

Мейкинбек Абдалиев 1976-жылы 11-февралда Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айылында туулган.

Экс-депутат парламентте өзгөчө сунуштарды киргизчү. Анын ичинде сүйүшкөндөр майрамын жокко чыгарууну, туу менен гербдин сүрөтүн ич кийим менен байпакка түшүрүүгө тыюу салууну сунуштаган. Ошондой эле мал уурдоо кыз ала качуудан дагы оор кылмыш деп да айткан пикирлери коомчулукта кызуу талкуу жараткан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17038