Ысык-Көл районуна өзгөчө кырдаал режими жарыяланды
RU

Ысык-Көл районуна өзгөчө кырдаал режими жарыяланды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кечээ, 18-август күнү Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун аймагында катталган селдин кесепеттерин жоюу жана башка кечиктирилгис иш-чараларды өз убагында аткаруу максатында, Ысык-Көл районунун аймагына "Өзгөчө кырдаал" режими киргизилди.

Бүгүн, 19-августта саат 07:00дө Ысык-Көл облусунда болгон сел боюнча жыйын болгонун ӨКМ билдирген.

Темир, Корумду, Булан-Сөгөт айылдарынын администрациясына райондук жарандык коргонуу тутумунан жетиштүү каражат тартуу жана облустун башка шаарларындагы абалды көзөмөлгө алуу тапшырылды.

Сел сууларынан жабыркаган Садыр-Аке айыл өкмөтүнүн Темиров, Корумду, Булан-Сөгөттү айылдарына облустук Жарандык коргонуу тутумунун күч-каражаттарын жетиштүү деңгээлде тартуу жана башка район шаарларында абалды көзөмөлдөө боюнча тапшырмалар берилди.

ӨКМдин атайы каражаттары жана куткаруучуларынын күчү Темировка айылына жана зарыл болгон жерлерге тартылып, учурда селдин кесепеттерин тазалоо иштери жүрүүдө.

Эскерте кетсек, 18-август күнү кечинде Жети-Өгүз, Ак-Суу, Ысык-Көл жана Тоң райондорунда нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен бир катар жолдорду суу каптаган.

Төмөнкү жолдор жабылды:

  • Григорьевка - Кашка-Суу (0-16-чакырымдары), Григорьевка капчыгайына баруучу жол;
  • Бөкөнбаев – Көл-Төр – Дөң-Талаа, Көл-Төр – Коңур-Өлөң участогу (42-43-чакырымдары);
  • Тогуз-Булак айылына баруучу жол;
  • Ак-Сай – Көк-Сай жана Ак-Терек – Дөң-Талаа жолдору (өтмөк 18-августта түнкү саат 00:00гө чейин калыбына келтирилди);
  • Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол унаа жолунун участогу (60-70-чакырымдары, Кескен-Бел участогу); бул жолдун 58-чакырымында Кызыл-Туу айылындагы көпүрө жараксыз абалга келип, унаа кыймылы чектелди.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17034