Самбо боюнча курама команда Дүйнө кубогунда 13 медаль жеңишти
RU

Самбо боюнча курама команда Дүйнө кубогунда 13 медаль жеңишти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Самбо боюнча курама команда Дүйнө кубогунда 13 медаль жеңишти. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Мелдеш 15-16-август күндөрү Чолпон-Ата шаарындагы Газпром спорт комплексинде өтүп, 14 мамлекеттен келген 250 дөн ашык спортчу катышты.

64 кг чейинки салмакта Саяк Бараканов күжүрмөн самбо боюнча жана спорттук самбо боюнча Адилет Кубаныч уулу 2-орунду ээлешти. Ал эми спорттук самбо боюнча эркектер арасында Байэл Жакшылыков, Жамалбек Асылбек уулу жана Фарух Мамаджанов, Шахрер Идирисов жана Бекболот Токтогонов коло медалга ээ болушту.

Эркектер арасында күжүрмөн самбо 71 кг чейинки салмак категориясында Курманбек Замирбек уулу жана Шерзат Кудайбердиев 3-орунду ээлешти.

Кыз-келиндер арасында 54 кг чейинки салмакта спорттук жана күжүрмөн самбо боюнча боюнча Акак Үсөн кызы 3-орунду ээледи. Ал эми спорттук самбо боюнча Канышай Аманкулова 50 кг чейинки салмак категориясында коло медалга ээ болду.

Эске салсак, курама команда башкы машыктыруучу Азамат Казакбаев жана улук машыктыруучу Ильгиз Каналбек уулунун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17032