Бишкекте тилемчилик кылгандарды аныктоо боюнча рейд башталды
RU

Бишкекте тилемчилик кылгандарды аныктоо боюнча рейд башталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте тилемчилик кылгандар менен күрөшүү боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы "Тилемчилик" рейдин баштады.

Акциянын максаты – кайыр суроо менен алектенген адамдарды, ошондой эле туруктуу жашаган жери жок адамдарды аныктоо.

Иш-чара күндүз да, түнкүсүн да өткөрүлөт. Рейддин жүрүшүндө милиция кызматкерлери туруктуу жашаган жери жок же өздүгүн тастыктоочу документтери жок адамдарды андан ары иликтөө жана жардам көрсөтүү үчүн милиция бөлүмдөрүнө жеткиришүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17030