"Гавайи" эс алуу жайында мушташ чыкты. Уруштун себеби айтылды
RU

"Гавайи" эс алуу жайында мушташ чыкты. Уруштун себеби айтылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүй облусундагы "Гавайи" эс алуу жайында коопсуздук кызматкерлери менен эс алуучулардын ортосунда мушташ чыкты. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдирди.

Маалым болгондой, 15-августта Чүй райондук ички иштер башкармалыгына "Гавайи" эс алуу аймагында мушташ болгону тууралуу маалымат түшкөн. Бул окуя каттоого алынып, бардык жагдайларды аныктоо үчүн тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Такталгандай, эс алуучу жайдын унаа токтотуучу жайында эс алуучулар менен коопсуздук кызматынын кызматкерлеринин ортосунда чыр чыккан. Чырдын чыгышына эреженин бузулушу себеп болгон - эс алуучулардын бири сууга түшүүгө тыюу салган эскертүүгө карабай кийими менен сууга секирип кеткен. Натыйжада уруш чыккан.

Мушташка катышкан 6 катышуучу аныкталып, соттук-медициналык экспертизадан өтүшүп, мас абалында болгону белгилүү болду. Алардын үчөө – 1996-жылы туулган Б.Н., 1996-жылы туулган О.Н., 1994-жылы туулган Н.Э. арыз жазышкан. Аларга карата зарыл болгон соттук-медициналык жана юридикалык экспертизалар дайындалды.

Учурда тергөөгө чейинки тергөө амалдары жүргүзүлүүдө, анын жыйынтыгы менен окуянын бардык катышуучуларынын аракеттерине юридикалык баа берилет дешти башкармалыктан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17028