АКШда жол кырсыгынан кыргызстандык аял кайтыш болду
RU

АКШда жол кырсыгынан кыргызстандык аял кайтыш болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

АКШнын Пенсильвания штатында жол кырсыгы катталып, жеринде 38 жаштагы кыргызстандык аял каза болду. Бул туурасында Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, кырсыктан 1986-жылы туулган Б.С. кайтыш болгон. Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, анын жыйынтыгында маркумдун сөөгүн мекенине жеткирүү маселеси чечилет.

Кыргызстандын АКШдагы элчилиги аталган өлкөдөгү ыйгарым укуктуу органдар, ошондой эле маркумдун жакындары менен байланышта болуп, аларга зарыл болгон консулдук-укуктук жардам көрсөтүүдө.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17025