Тоңдун акими Таласка мэр болуп дайындалды
RU

Тоңдун акими Таласка мэр болуп дайындалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Талас шаарына Байышбек Астанакулов мэр болуп дайындалды. Бул туурасында президенттин администрациясы кабарлады.

Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Ысык-Көл облусунун Тоң районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Байышбек Астанакулов башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду. Президенттин башка тескемеси менен Байышбек Астанакулов Талас шаарынын мэри болуп дайындалды.

Эске салсак, буга чейин президент Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурлан Дардановдун ордуна Эрмат Жумаевди дайындаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17018