Асел Ногойбаевага абактан келген коркутуулар. ЖАКтын 3 кызматкери жаза алды
RU

Асел Ногойбаевага абактан келген коркутуулар. ЖАКтын 3 кызматкери жаза алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Асел Ногойбаеванын абакта жаткан мурдагы күйөөсү Азамат Эстебесовго уюлдук телефон өткөрүп берген деп шектелген Жаза аткаруу кызматкерлери дисциплинардык жазага тартылды. Бул тууралуу юрист Индира Саутова билдирди.

Жактоочунун айтымында, 3-мекемеде жаткан Эстебесовго уюлдук телефон алып кирген кызматкерлерге чара көрүү боюнча арыз жазган. Анын негизинде 3 кызматкерге тартиптик жаза гана колдонулган.

"Башында мен Атайын прокуратурага арыз менен кайрылгам. Бирок аталган кызмат жалкоолук кылып, менин арызымды Жаза аткаруу мекемесине жөнөтүп койду. Жаза аткаруу кызматы ички текшерүү жүргүзүп, телефонду өткөрүү кызматтык кылмыш эмес, болгону тартип бузуу экенин айтышты", - деди Саутова.

Белгилесек, 2024-жылдын январында Сокулук райондук соту Асел Ногойбаеванын кулак, мурдун кесип, кыйноого алганы үчүн Азамат Эстебесовду 20 жылга эркинен ажыратып, Ногойбаевага моралдык зыян үчүн 2 миллион сом өлчөмүндө компенсация төлөп берүүнү өкүм кылган.

Бирок айыпталуучу колонияда жазасын өтөп жатканына карабай, мурдагы жубайы Ногойбаевага телефон чалып, коркутуу түрүндөгү ар кандай билдирүүлөрдү жазган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17017