Россияда кыргыз жараны 3 жашар баланы куткарып калды
RU

Россияда кыргыз жараны 3 жашар баланы куткарып калды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандык Аман Батырбеков Россиянын Нижневартовск шаарында 3 жашар баланы куткарып калды. Бул тууралуу россиялык басылмалар жазышууда.

Бөбөктүн апасы баласын керебетке байлап, аны үйгө жалгыз таштап кеткен. Терезе ачык болгондуктан бала ал жакка чыгып алган.

Бөбөктүн терезеде отурганын көргөн Батырбеков 9-кабаттан 8-кабатка аркан менен түшүп, баланы байлап, полициянын келишин күткөн.

Полиция кызматкерлери мекендешке ыраазычылык билдирген. Баланын энеси узак убакытка деле кетпегенин билдирген. Эми баланын апасы уулун коркунучта калтырганы үчүн жазаланышы мүмкүн экени айтылууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17014