Көлдө чагылган түшүп, 60тай кой кырылды
RU

Көлдө чагылган түшүп, 60тай кой кырылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көлдөгү Кичи-Анги жайлоосуна чагылган түшүп, мал-жандык кырылды. Президенттин аталган облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн кабарлашкандай, 15-августта нөшөрлөп жааган мөндүрдөн улам Коңур-Өлөң айылындагы жайлоого чагылган түшкөн.

Чалгылгандын кесепетинен элин малын багып жүргөн чабандын 60 кою өлгөндүгү тууралуу маалымат түшкөн. Тоң райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан райондук ветеринардык кызматтын жетекчисине комиссия түзүп, чагылган түшкөн жерди аныктап, өлгөн малды көмүү боюнча тапшырма берилди.

"Учурда Коңур-Өлөң айылынын жайлоосуна техника бара албайт. Мындан улам кырылган малды айыл тургундары болуп ат менен түшүрүү боюнча ветеринардык кызматтын кызматкерлери, айыл башчы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө", - дешти өкүлчүлүктөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17012