Ошто мушкер Мунарбекке жана машыктыруучусуна батир тапшырышты
RU

Ошто мушкер Мунарбекке жана машыктыруучусуна батир тапшырышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ошто мушкер Мунарбек Сейитбек уулун, балбан Акжол Махмудовду дана дзюдочу Кубанычбек Айбек уулун, алардын машыктыруучуларын салтанаттуу тосуп алышты. Ош шаардык мэриясынан билдиришкендей, Олимп оюндарынын катышуучуларын мэр Бакытбек Жетигенов куттуктап, акчалай жана жана баалуу белектер менен сыйлады.

Олимпиаданын күмүш медалынын ээси Мунарбек Сейитбек уулуна Ош шаарынын мэриясынын атынан 3 бөлмөлүү батир жана 1 млн сом, ал эми анын машыктыруучусу Беганас Султанбаевге 2 бөлмөлүү батир жана 500 миң сом, дагы бир машыктыруучусу Турдалы Оморовго 500 миң сом акчалай сыйлыктын сертификаты тапшырылды.

Грек-рим күрөшү боюнча коло медалдын ээси Акжол Махмудовго 1 млн сом, машыктыруучусу Мейрамбек Ахметовго 200 миң сом, дзюдочу Айбек уулу Кубанычбекке 250 миң сом жана анын машыктыруучусу Бакыт Жусуповго 100 миң сом сыйлыктын сертификаты тапшырылды.

Салтанаттуу иш-чара концерттик программа менен жыйынтыкталды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17011