Нарында жаңы автобустар каттамга чыгат. Жол кире 10 сомдон
RU

Нарында жаңы автобустар каттамга чыгат. Жол кире 10 сомдон

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Нарын шаарында бүгүн,16-августтан баштап жаңы электр автобустар каттамга чыгат. Бул туурасында президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү билдирди.

Нарын шаарынын элин коомдук транспорт менен камсыз кылуу максатындагы аракеттердин натыйжасында Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фонду аркылуу 7 жылга (1 жыл каникул) 4,0-8,0 % бюджеттик кредит менен 66 миллион сомго заманбап үлгүдөгү 5 электробус заряддык каражаттары менен алынды.

Электробустарда 36 орундук, кондиционер, пандустар жана башка бардык ыңгайлуу шарттары бар.

Нарын мэри Канболот Тутуев, Нарын шаардык Кеңешинин депутаты Афтандил Молдосалиев облус жетекчилигине Нарын шаарынын элинин атынан ыраазычылык билдиришти.

Эми шаардын РТС чөлкөмүнө 3 электробус, Москва чөлкөмүнө 2 электробус бөлүнүп, каттамга чыгат. Жол киреси 10 сом.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17010