Султан Жумабек уулу Соң-Көлдү сүзүп, жаңы ийгилик жаратты
RU

Султан Жумабек уулу Соң-Көлдү сүзүп, жаңы ийгилик жаратты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Спортчу, милициянын мурдагы кызматкери Султан Жумабек уулу деңиз деңгээлинен 3000 метр бийиктеги Соң-Көлдү сүзүп өттү. Бул кабары менен спортчу Kaktus.kg редакциясына бөлүштү.

Султан Жумабек уулу буга чейин бар да суучул сүзүп өтпөгөн көлдү 13-августта 11 чакырым аралыкка сүзгөн.

Спорттук иш-чаранын башкы судьясы В.Худяков дүйнөлүк рекорд коюунун эрежесин толук көзөмөлгө алып, иш-чара Гиннес өкүлдөрүнүн талабына ылайык өткөрүлдү. Сууда сүзүү толугу менен видеого тартылып, Garmin GPS системалары менен толук далилденет. Султан Жумабек уулу сууда сүзүүнү саат 13:00дө баштап, саат 16:21де аяктаган.

"Башында 6 чакырымды эч кыйынчылыксыз сүздүм. Андан кийин суук өтүп, сол бутум тырыша баштады. Ошентип калган 5 чакырымды ушундай абалда сүзүп өттүм. Суудан чыккандан кийин 10 мүнөттөй өзүмө келе алган жокмун. Азыр абалым жакшы", - дейт спортчу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17008