Таласта өспүрүм кыз 10 күндөн бери дайынсыз болууда
RU

Таласта өспүрүм кыз 10 күндөн бери дайынсыз болууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Талас шаарында Акылай Болотбекова аттуу өспүрүм 10 күндөн бери дайынсыз болууда. Мындан улам жакындары жана милиция коомчулуктан жардам сурайт.

Милициянын маалыматы боюнча, 14 жаштагы Акылай Болотбекова 5-августта саат 18:00 чамасында Талас шаарынын борбордук аянтына барам деп үйдөн чыгып, кайра кайтып келген эмес. Азыркы учурда Акылай Болотбекованын жүргөн жери дайынсыз болуп жаткандыгына байланыштуу, милиция жана туугандары аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.

  • Өзгөчө белгилери: бою 150-155 сантиметр, сары, көзү күрөң түстө, чачынын түсү кара, арык-чырай.
  • Кийген кийимдери: үстүндө ак жана кара түстөгү сызыктары бар футболка, астында көк түстүү джынсы шым.

Эгер сүрөттөгү кызды көргөн, билгендер болсо төмөнкү номерлер аркылуу кабарлашса болот. Байланыш номерлери: 102, 03422 5 23 10, 0502 73 73 10.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17007