Бостериди сууга чөккөн жигиттин сөөгү эртеси табылды
RU

Бостериди сууга чөккөн жигиттин сөөгү эртеси табылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көлдүн Бостери айылында көлгө 22 жаштагы жигит чөгүп кеткен. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиргендей, анын сөөгү бир күндөн кийин табылган.

Белгилүү болгондой, 11-августта Бостеридеги пансионаттардын биринин пляжында 2002-жылы туулган Б.Р уулу сууга чөккөн. Жигиттин сөөгү эртеси, 12-августта табылган. Издөө иштерине үч куткаруучу жана төрт суучул тартылган.

Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгы алгачкы экспертизанын жүрүшүндө маркумдун денесинен зомбулуктун белгилери табылбаганын белгиледи.

Сууга чөгүп каза болгон жигит Нарын облусунун Кочкор районунун тургуну болгон.

Соттук-медициналык экспертиза дайындалып, маркумдун ата-энеси арыз берүүдөн баш тартышкан.

Окуянын чоо-жайы жана чөгүп кетүү себептери териштирилип жатат.

Башкы беттеги сүрөт: социалдык тармактардагы видеодон алынган кадр.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/16986