Азим Ройго козголгон кылмыш иши токтотулган. Ал мамлекетке төлөгөн сумма айтылды
RU

Азим Ройго козголгон кылмыш иши токтотулган. Ал мамлекетке төлөгөн сумма айтылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Көлбаевдин өкүл атасы Азим Ройго козголгон кылмыш иши кылмыштын курамы жок болгондугуна байланыштуу токтотулган. Ошондой эле ал 13 миллион долларга жакын акча төлөгөнүн Kaktus.media сайтына укук коргоо органдары билдирди.

Алардын маалыматына караганда, 2024-жылдын 28-майында издөөдө жүргөн Азим Ройго карата кылмыш иши далилдер жетишсиз болгондуктан токтотулган. Иштин токтотулушу Чүй облусунун прокуратурасы тарабынан мыйзамдуу жана негиздүү деп табылган.

Кошумчалай кетсек, Азим Рой кыймылсыз мүлкү менен кошо мамлекетке 13 миллион долларга жакын акча төлөгөндүгү белгилүү болду.

Эске салсак, былтыр ноябрь айында УКМК Азим Рой Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүн каржылап, кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу менен алектенген деп сыртынан айыпталып, издөөгө алынганын маалымдаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/16975