Дүлөйлүгү бар балдарга Бишкекте акысыз операция жасалат. Ал үчүн Катардан дарыгерлер келет
RU

Дүлөйлүгү бар балдарга Бишкекте акысыз операция жасалат. Ал үчүн Катардан дарыгерлер келет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда угуусу начар балдарга бекер операциялар жасалат. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, операцияларды Катардан келген отохирург-дарыгерлер тобу жасайт.

Белгилүү болгондой, кайрымдуулук акциясы 24-октябрда башталып, анын алкагында угуусу начар балдарга кохлеардык имплантация боюнча операциялар жасалат.

Тандоо этабы башталды жана ал 2024-жылдын 20-сентябрына чейин созулат.

"Операцияга эки тараптуу дүлөйлүгү, 4 даражадагы эки тараптуу сенсоневралдык угуусу начар жана постлингвалдык дүлөйлүгү бар 5 жашка чейинки балдар кабыл алынат. Операция алдында балдар комплекстүү текшерүүдөн өтүп, медициналык комиссиядан өтүшү керек", - дешти мекемеден.

Бул операциялар эки тараптуу кол коюлган меморандумдун аркасында ишке ашырылууда. Катар тарап кохлеардык импланттарды сатып алууга, хирургиялык операцияларга, ошондой эле кыргызстандык хирургдарды жана көмөкчү медициналык персоналды окутууга кеткен бардык чыгымдарды көтөрөт.

2020-жылдан бери Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда ушундай сыяктуу 160тан ашык операция жасалган.

Бейтаптар аталган борборго дүйшөмбүдөн жума күнгө чейин саат 12:00дөн 16:00гө чейин ЛОР-дарыгердин кабинетине (8-корп., 1-кабат) кайрылса болот, жанында мурда жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгын болушу керек.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/16970