Бишкекте көп кабаттуу үйдөн чыккан өрт боюнча териштирүү башталды
RU

Бишкекте көп кабаттуу үйдөн чыккан өрт боюнча териштирүү башталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин Анкара көчөсүндө жаңы салынып жаткан көп кабаттуу турак үйдөн чыккан өрт аянты 850 чарчы метрди түздү. Бул туурасында ӨКМдан маалымдашты.

Өрттү өчүрүүгө жалпы 8 күжүрмөн эсеп, анын ичинде 54 метрлик эки автошаты тартылган. Өрт саат 00:23тө чектөөгө алынып, саат 1:20 да толук өчүрүлдү. Натыйжада турак үйдүн 1500 чарчы метр аянты сакталып калды.

Өрттүн кесепетинен жабыргандар жок, кырсыктын келип чыгуу себеби такталууда дешет ӨКМдан.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан бул факты боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталганын кабарлады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/16969