Улуу Британиядагы сезондук жумуш. Шылуундардын тузагына кантип түшүп калбоо керек?
RU

Улуу Британиядагы сезондук жумуш. Шылуундардын тузагына кантип түшүп калбоо керек?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Социалдык тармактарда сезондук жумуштарга кабыл алуу (айрыкча Улуу Британияда) тууралуу жалган маалымат камтылган жарнактар тарап жүрөт. Буга байланыштуу Эл аралык миграция уюму Kaktus редакциясына шылуундардын тузагына түшүп калбоонун жолдорун айтып берди.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын жарандарынын Улуу Британияга мезгилдүү айыл чарба жумуштары боюнча өкмөттүк программага катышууга мүмкүнчүлүгү бар. Бирок мунун белгилүү шарттары бар.

1. Алдын ала төлөмдү талап кылуу

"Улуу Британиядагы Сезондук айыл-чарба жумушчулары (SWS)" мамлекеттик программасына катышуу, анын ичинде каттоо толугу менен бекер экенин унутпаңыз! Эгер агенттик алдын ала төлөмдү талап кылса, бул компания убада кылынган кызматтарды көрсөтпөстөн, сиздин акчаңызды алгандан соң, жок болуп кетет дегенди билдирет.

2. Лицензиянын жоктугу

Эгерде агенттиктин лицензиясы жок болсо, бул анын мыйзамсыз иштеп жатканын жана сиздин коопсуздугуңузга кепилдик берберин билдирет!

Учурда бир гана "AGRI HR" аттуу жеке ишке орноштуруу агенттиги, сезондук айыл чарба жумушчулары (SWS) мамлекеттик программасынын алкагында ишке орноштуруу үчүн Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун лицензиясына ээ. Ошондой эле Улуу Британияда сезондук жумушка орноштуруу расмий деңгээлде Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору аркылуу ишке ашырылат.

3. Келишимдин түшүнүксүз же өтө жакшы шарттары

Эгер сизден кол коюуну суранган келишимде түшүнүксүз тил, түшүнүксүз шарттар же толук эмес маалыматтар камтылса, бул олуттуу тынчсыздандыруучу белги болуп саналат.

Эгерде агенттик: жогорку маяна, жеңил виза процесси, минималдуу тажрыйба талаптары сыяктуу идеалдуу шарттарды убада кылса - бул алар сизди алдамчылык схемага азгыргысы келгендигинин белгиси.

4. Программага сөзсүз өткөрөм деп сөз берүү

Эч бир агенттик ишке орноштуруу программасын ийгиликтүү аяктаганга 100% кепилдик бере албайт! Эгер компания сиз программага "сөзсүз өтөсүз" деп убада берип жатса, анда бул жалган убадалардын жардамы менен сизди өзүнө тартуу аракети.

5. Улуу Британиянын визасын ала турганыңызга кепилдик

Виза алуу көптөгөн факторлорго көз каранды болгон татаал процесс. Эч бир агенттик сизге виза берилет деп кепилдик бере албайт, анткени бул алардын компетенциясына кирбейт. Виза берүү чечимин Улуу Британиянын элчилиги гана кабыл алат.

6. Агенттик жөнүндө жаман пикирлер

Агенттик менен иштөөнү баштоодон мурун, ал жөнүндө ар кандай платформаларда: социалдык тармактарда, форумдарда же атайын сайттарда сын-пикирлерди окуп чыгууну унутпаңыз. Жаман репутацияга ээ агенттиктер көп учурда мүмкүн болуучу тобокелдиктерди эскерткен көптөгөн терс сын-пикирлерге ээ. Эгерде агенттиктин эч кандай сын-пикирлери жок болсо же ачык эле жасалма оң пикирлер болсо, бул дагы ойлонууга негиз болуп саналат.

7. Расмий эмес байланыш каналдары

Мыйзамдуу иштеген расмий агенттиктер ар дайым кесипкөй байланыш каналдарын камсыздайт: расмий катталган кеңсе номерлери, корпоративдик электрондук почта даректери жана кеңсе даректери. Эгерде агенттик расмий байланыш каналдарын берүүдөн баш тартып, расмий эмес каналдар аркылуу гана байланышууну талап кылса: мисалы мессенджерлер (WhatsApp, Telegram), социалдык тармактар же жеке телефондор, бул шектенүү үчүн олуттуу себеп. Ар дайым расмий байланыш маалыматын сурап, аны кайталап текшериңиз.

8. Иш берүүчү жөнүндө толук маалыматтын жоктугу

Ишенимдүү агенттиктер ар дайым иш берүүчү жөнүндө толук маалымат менен камсыз кылат: компаниянын аты, жайгашкан жери, байланыш маалыматтары, иштин сүрөттөлүшү жана эмгек шарттары. Эгерде кайсы бир мекеме бул маалыматты жашырып, берүүдөн баш тартса, бул агенттиктин ишенимсиз же жок компаниялар менен иштешип жаткандыгынын белгиси.

9. Шашуу жана шашылыш чечим чыгарууга басым жасоо

Алдамчы агенттиктер аны изилдөөгө же юрист менен кеңешүүгө жетиштүү убакыт бербестен, сизди мүмкүн болушунча тезирээк келишимге кол коюуга шаштырышат. Алдамчылар көбүнчө жагымсыз жана мыйзамсыз шарттарды аныктоодон качуу үчүн сизди шаштыруу же сизге басым жасоо иш аракеттерди колдонушат.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/16963