Автобустун айдоочусу тормозду катуу тээп, жүргүнчүнүн омурткасы сынып кеткен. Видео
RU

Автобустун айдоочусу тормозду катуу тээп, жүргүнчүнүн омурткасы сынып кеткен. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаарынын тургуну Айназик Алмасбекова Kaktus сайтына кайрылып, шаардык муниципалитеттин жана Бишкек ШИИББдин кызматкерлеринин иши боюнча нааразычылыгын айтты.

Айназик Алмасбекова белгилегендей, 52 жаштагы апасы Бактыгүл Камбарова 7-августта Бишкек шаарында №100 муниципалдык автобуста бара жаткан. Ахубаев/Абай көчөлөрүнүн кесилишинде автобустун алдынан Toyota Camry үлгүсүндөгү унаа чыга калып, автобустун айдоочусу тормозду кескин тепкен. Натыйжада жүргүнчү катары бара жаткан апасы кулап, аны башка жүргүнчүлөр басып калып, омурткасы сынган. Бирок тергөөнүн версиясы боюнча бул окуяда күнөөкөр жок имиш.

"Апам автобустун так ортосунда турган, айдоочу тормозду кескин басканда апам кулап, аны башка жүргүнчүлөр басып калган. Анын кесепетинен апам ооруканага жаткырылып, омурткасы сынган деген диагноз коюлду. Биринчи операциясына 1200 доллар сарпталды, бул суммага палата, дары-дармек жана башка анализдер кирбейт. Апам азыр ооруканада, ага дагы операция жасалат", - деди жабырлануучунун кызы.

Алмасбекова кошумчалагандай, ошол окуяда дагы бир нече жүргүнчү ар кандай жаракаттарды алышкан, биринин колу сынган. Бирок ал жабырлануучунун дооматы бар, жогун билбейт.

Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барышкан. Бирок алар жабырлануучунун арызын "бир-эки күндөн кийин ооруканага барабыз" деп албай коюшкан дейт Алмасбекова.

"Бизге белгилүү болгондой, автобус 2 күнгө айып короосуна киргизилген. Андан кийин чыгарылган. Коомдук транспорттун айдоочусу окуяга эч кандай тиешеси жок экенин, ал каалагандай айдай турганын, рулду башкарып бара жатып алаксып кеткени меселе деле эмес экенин айткан. Ал эми автобустун алдынан чыга калган жеңил унаанын айдоочусу жабырлануучулардын алдынан өткөн жок. Эч ким эч кимди жоопко тарткысы келбейт, бирок апамдын омурткасы сынды", - деп нааразы болду жабырлануучунун кызы.

Жогорудагы окуя боюнча Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы кийинчерээк маалымат берүүнү убадалады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/16962