Башка айдоочуларга тоскоолдук жараткан той кортежиндеги унаалар айып короосуна киргизилди
RU

Башка айдоочуларга тоскоолдук жараткан той кортежиндеги унаалар айып короосуна киргизилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек-Чалдабар унаа жолунда жолду тороп, башка айдоочуларга тоскоолдук жаратышкан той кортежиндеги унаалар аныкталып, айып короосуна киргизилди. Бул туурасында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Той кортежинин унаалары жолду тороп, автоээнбаштык жасаганы боюнча видео интернетке тарагандан кийин жол тескөөчүлөр айдоочуларды аныктоо иштерин жүргүзгөн.

Натыйжада Toyota Camry, Changan EV-460 жана Toyota RV-4 унаалары, жалпы төрт унаанын айдоочулары кармалып, Укук бузуулар кодексинин 189-беренесинин биринчи бөлүгүнө ылайык ар бир унаанын айдоочуларына 15000 миң сомдон айып пул салынды. Ал эми унаалары убактылуу айып короо жайына киргизилди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/16957