Олимпиада: Эрназар Акматалиев утулуп калды
RU

Олимпиада: Эрназар Акматалиев утулуп калды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 10-августта Олимп оюндарында кыргыз балбаны Эрназар Акматалиев килем үстүнө чыкты.

Эркин күрөш боюнча 65 кг чейинки салмак категориясында күч сынашкан Эрназар Акматалиев венгриялык балбан Исмаил Мусукаев менен беттешип, 0:11 эсебеинде утулуп калды.

Эгер, Мусукаев финалга чыкса, Акматалиев коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүндүк берген көңүл жубатуучу кармашка чыга алат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/16937