Чүйдө мушташып жаткан балдарды ажыратам деген киши комага түштү
RU

Чүйдө мушташып жаткан балдарды ажыратам деген киши комага түштү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кара-Балтада өспүрүм балдарды ажыратам деген киши оор жаракат алып, комага түшүп калды. Жабырлануучу Жайыл районунун тургуну дешет Чүй ОИИББдин маалымат кызматынан.

Башкармалыктын билдирүүсүнө караганда, 2-августта саат 22:20 чамасында Жайыл РИИБине Кара-Балта шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө 1978-жылы туулган К.У. аттуу жаран түшкөндүгү кабарланган.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин (Ден соолукка оор залал келтирүү) негизинде кылмыш иши козголгон.

"Тергөө иштеринин жүрүшүндө окуя 2-августта саат 21:30 чамасында Кара-Балта шаарындагы сейил бакта орун алганы такталган. Анда 2009-жылы туулган Б.А. аттуу жаран ижарага самокат берип жатып кардар менен уруша кеткен, натыйжада бир нече адамдардын катышуусундагы мушташка айланган. Бул учурда "Алтын Шафран" кафесинде эс алып жаткан К.У. окуяга күбө болуп, балдарды ажыратуу үчүн барган. Бирок денесинен оор жаракат алып, эс-учун жоготкон абалда аймактык ооруканага жеткирилген", - дешет башкармалыктан.

3-августта милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 2009-жылы туулган С.А. аттуу жаран кармалган. Жайыл райондук соту тарабынан шектүүнү 2 айга үй камагына алуу баш коргоо чарасы тандалган.

Андан тышкары окуяга тиешеси бар делген 2009-жылы туулган Б.А. аттуу өспүрүм 5-августта кармалып, райондук сот тарабынан 1 айга камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды.

Учурда кылмыш иши боюнча бардык зарыл болгон соттук-укуктук экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/16893