Олимпиада: 6-агустта килемге Акжол Махмудов менен Үзүр Жузупбеков чыгат. Атаандаштары
RU

Олимпиада: 6-агустта килемге Акжол Махмудов менен Үзүр Жузупбеков чыгат. Атаандаштары

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

6-августта, Парижде өтүп жаткан Олимп оюндарынын алкагында грек-рим күрөшү боюнча килем үстүнө 77 кг салмакта кыргызстандык балбан Акжол Махмудов менен 97 кг салмакта Үзүр Жузупбеков чыгат. Беттеш Бишкек сааты менен 15:00дө башталат.

Акжол Махмудовдун биринчи атаандашы АКШлык балбан Камал Бей болмокчу. Ал эми Үзүр Жузупбеков литвалык спортчу Миндаугас Венцкайтис менен кез келет.

Эске салсак, бүгүн Жоламан Шаршенбеков менен Мээрим Жуманазарова жарым финалга чыгышты. Алар 6-августка караган түнү, Бишкек сааты боюнча түнкү 01:00дө финалга чыгуу үчүн беттеш өткөрүшөт.

Жоламан Шаршембеков япон балбаны Кеничиро Фумитага каршы чыкса, Мээрим Жуманазарова нигериялык спортчу Блессинг Обурудуду менен кез келет. Обурудуду 2020-жылы Токиодо өткөн Олимпиадада күмүш байгеге ээ болгон. Ал Африканын 12 жолку чемпиону.

Ал эми Жоламандын атаандашы Кеничиро Фумита дүйнөнүн эки жолку чемпиону. Азия биринчилигинде бир жолу алтын жана коло байге жеңген. 2020-жылы Токиодо өткөн Олимпиадада күмүш байге алган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/16876