КМТУ: эл аралык деңгээлдеги таануунун жаңы баскычына чыкты
RU

КМТУ: эл аралык деңгээлдеги таануунун жаңы баскычына чыкты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

И. Раззаков атындагы КМТУ QS Stars версиясы боюнча төрт жылдыздуу университет статусун алды! Университеттин ишмердүүлүгүн алты ай бою кылдаттык менен талдоодон өткөргөн эксперттер КМТУга беш жылдыздын ичинен төрт жылдыз статусун ыйгарышты.

QS World University Rankings дүйнөдөгү эң белгилүү университеттердин рейтинги болуп саналат жана жыл сайын жарыяланып, академиялык аброй, бүтүрүүчүлөрдүн ишке орношуусу, изилдөөлөрдүн жыйынтыгы жана окутуучулардын кесипкөйлүгү сыяктуу көптөгөн факторлорду эске алган методологияга негизделет.

Баса белигилеп кетчү нерсе биздин "Политех" Кыргызстандын атын дүйнөлүк билим берүү мейкиндигинде татыктуу көрсөтүп жатканы кубандырат.

Төрт жылдыздуу университет статусу КМТУ бүтүрүүчүлөрүнүн дипломдорунун чет өлкөдө жогору бааланышына шарт түзүп, ишке орношуу жана магистратура менен PhD программаларына тапшыруусуна ѳбѳлгѳ түзѳт.

QS Starsдагы жогорку деңгээл бүтүрүүчүлөр үчүн жаңы карьералык мүмкүнчүлүктөрдү ачып, биздин өлкөдөгү жогорку билимдин аброюн көтөрөт.

Белгилей кетчү жагдай, 2024-жылы И. Раззаков атындагы КМТУ QS (QS World University Rankings) эл аралык системасы боюнча дүйнөдөгү мыкты университеттердин 1201-1400 категориясына кирген, Азиянын мыкты университеттеринин 351-400 категориясына жайгашкан жана EdNet агенттигинин изилдөөлөрүнүн натыйжалары боюнча Кыргызстандын алдыңкы үч университетинин катарына кирген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/16861