Кыйноолордун алдын алуу борборуна жаңы жетекчи дайындалды
RU

Кыйноолордун алдын алуу борборуна жаңы жетекчи дайындалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун жетекчиси болуп Бакытбек Касымкулов дайындалды. Ал бул кызматка 1-августта жыйынтыкталган сынактын негизинде келген.

Бакытбек Касымкулов 1983-жылы Таласта төрөлгөн. 2007-жылы Жусуп Баласагын атындагы улуттук университетти "юриспруденция" адистиги боюнча аяктаган.

2008-2014-жылдары Кыргыз Республикасынын сот системасында иштеген. 2012-жылдан бери Экономика министрлигинин башкы адиси болуп эмгектенген. 2017-2020-жылдары Улуттук борбор бөлүмүндө эксперт, ал эми 2020-жылдан бери Кыйноолордун алдын алуу борборунда эмгектенип келген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/16860