"Парижге ак батамды берип узаткам". Мунарбектин жеке машыктыруучусу кайрылуу жасады
RU

"Парижге ак батамды берип узаткам". Мунарбектин жеке машыктыруучусу кайрылуу жасады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мушкер Мунарбек Сейитбек уулунун жеке машыктыруучусу Беганаас Султанбаев акыркы окуяларга байланыштуу Фейсбук баракчасы аркылуу кайрылуу жасады.

"Мен жөнөкөй эле карапайым калктын ичинде жашаган машыктыруучумун. Мен өз кесибимди жана өз мекенимди жан дилим менен сүйгөн инсанмын десем жаңылышпайм!

Көп жылдардан бери көптөгөн чемпиондорду таптап өстүрүп, Кыргызстаныбыздын атын дүйнөгө таанытып келе жатам жана келечекте да ошол ишимди жан дилим менен аткарып келе берем. Мен Кыргызстандын элине терең ыраазычылыгымды билдирем! Баарыңыздарга чоң рахмат!

Кечеги күндөн бери менин окуучум Сейитбек уулу Мунарбектин бокс боюнча Олимпиаданын жарым финалына чыгышына кубанган видео аябай тарап кетип, мен ушул күндү 20 жылдан бери арзуу кылып келе жаткан күнүм орундалып жатат деп сүйүнгөнүмдөн ошондой эмоция менен, сүйүнүчтүн көз жашы менен коштолгон видео болуп калды. Менин ичимде болгон кубанычымды сиздер тең бөлүшкөнүңөр үчүн терең ыраазычылыгымды билдирем урматтуу кыргызстандыктар!

Эми мен Парижге баруу жөнүндө баарыңыздар барсын деп жатасыздар, мен да баргым келди. Бирок Парижге жөн эле билет алып бара албайт экенсиң, виза алуу маселесинде жок дегенде бир жума убакыт кетет экен. Билесиздер бир жумадан кийин Париж Олимпиадасы да бүтүп калат экен. Бирок кийинки Олимпиадага Аллах буюрса барабыз деген ишеничтебиз!", - деди машыктыруучу.

Мындан тышкары, Беганаас Султанбаев аны каралап, сын айткандарга дагы жооп берди.

"Албетте мындай чоң иш-чараларга, Олимпиадага ар бир спортчунун жеке машыктыруучулары барышса жакшы болмок. Себеби жеке машыктыруучу өзүнүн окуучусун беш колундай билген инсан болот! Кайсыл жерде жана кандай мезгилде окуучусуна эмнелерди айтуусу керектигин да билет, окуучусун бир көз караштан эле сезип жана түшүнүп турат. Тилекке каршы, кээде өзүңдүн окуучуңдун таймашуусун телевизордон көрүп олтурууга туура келет экен.

Бул маселени кийинчерээк Улуттук олимпиада комитети эске алат жана чечет деген ишеничтемин. Анан да, мени менен сүйлөшпөй туруп, мени билип билбей туруп мени каралаганга да өтүп кетишиптир. Аларга айтарым Сейитбек уулу Мунарбек менин окуучум, 2004-жылдан бери машыктырып ушул күнгө жетип келдик. Парижге кетип жатканда ак батамды берип узатканмын.

Мени менен сүйлөшпөй туруп мени жаман атты кылган адамдар силерге айтарым Аллах ыйман, ынсап берген болсун!" - деп сөзүн жыйынтыктады.

Машыктыруучу кайрылуусунда Дүйнө чемпионатында колдоо көрсөткөн мамлекет башчы Садыр Жапаровго жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге дагы ыраазычылыгын билдирген.

Эске салсак, 4-августта интернетте Беганаас Султанбаевдин телевизордон күйөрмандык кылып жаткан видеосу тарап, ар кандай талкууга алынган эле.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/16859