Шашылыш билдирүү! Айрым аймактарда нөшөрлүү жамгыр жаап, сел жүрүшү күтүлөт
740
2-августтан 3-августка чейин абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Ошондой эле дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөрүн Өзгөчө кырдаалдар министирлигинен эскертти.
Буга байланыштуу министирлик сел коопсуздук эрежелерин сактап:
- арыктарды тазалап, жээгин бекемдеп, таштанды таштабоого;
- турак үй жайгашкан жерде жаан суулары агып өтүүгө ылайыкталган арыктын болушун камсыздоого;
- үй же сарай салууда, эгин айдоодо сел жүрүү кооптуулугу бар тилкелерге жакын эместигине өзгөчө көңүл бурууга;
- сел учурунда дароо коопсуз жайга кетүүгө;
- мүмкүнчүлүк болсо үйдөгү свет, суу, газды өчүрүп чыгууга чакырат.
Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://m.kaktus.media/16837