Олимпиада-2024. Эрлан Шеров алгачкы атаандашын жеңди
RU

Олимпиада-2024. Эрлан Шеров алгачкы атаандашын жеңди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Дзюдочу Эрлан Шеров Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында 1/8 финалга чыкты.

Ал 90 килограммга чейинки салмак категориясында күч сынашып, беттешти 1/16 финалдан баштаган. Кыргызстандык спортчу Кубанын өкүлү - Панамерикалык беш жолку чемпион менен беттешип, жеңишке жетти.

Белгилесек, 1-августка караган түнү саат 02:00дө кыргызстандык мушкер Мунарбек Сейитбек уулу 57 килограммга чейинки салмакта мелдешке чыгат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/16826