Байге фонду 3 млн сомду түзгөн эл аралык айтыш өтөт
RU

Байге фонду 3 млн сомду түзгөн эл аралык айтыш өтөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте кыргыз, казак төкмөлөрүнүн эл аралык айтышы өтөт. Улуттук "Манас" театрынан кабарлашкандай, айтыштын кош байге фонду 3 миллион сомду түзөт.

Айтыштын тандоо туру 12-августта Кыргыз улуттук "Манас" театрында саат 10:00дө башталат. Каттоо 2024-жылдын 12-августунда саат 09:00дөн 10:00гө чейин жүргүзүлөт.

Тандоо турунда жана айтышта акындарга коюлуучу негизги талаптар:

  • төкмөлүк кудурети (сөз байлыгы, чечендиги, шайырлыгы, ырынын көркөмдүгү, нарктуулугу)
  • үнүнүн кооздугу, комузду черте билүүсү (канааттандыраарлык, жакшы, мыкты)
  • сахна маданияты ( кийим үлгүсүнүн өзгөчөлүгү, жарашыктуулугу, өзүн алып жүрүүсү, ички маданияты)

Айтыш 31-августта жана 1-сентябрда Т.Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өтөт. Акындардын упайлары тең болуп калган учурда, жашы улуусуна жол берилет.

Иш-чаранын максаты - Кыргыз мамлекетинин азаттыгын, бүтүндүгүн даңазалоо, кам көрүү, коомчулукту өз өлкөсүн кадырлоого, сыйлоого чакыруу. Кыргыз элинин төл маданиятынын нукура үлгүсүн чалгылдырган төкмөлүк өнөрүн жайылтуу, өнүктүрүү, коомчулукту ыйман-ызаатка, нарк-насилге суугаруу, жаш таланттардын жетилүүсүнө, коомчулукка таанылуусуна шарт түзүү, шыктандыруу дешет улуттук театрдан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/16816