Учурдагы жергиликтүү кеңештер таратылат
RU

Учурдагы жергиликтүү кеңештер таратылат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мамлекет башчы Садыр Жапаров "Административдик-аймактык реформанын алкагында Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол койду. Президенттин администрациясынан кабарлашкандай, мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2024-жылдын 20-июнунда кабыл алынган.

Кабыл алынган мыйзамда жергиликтүү кеңештин депутаттарынын ыйгарым укуктары такталып, мөөнөтү беш жылга чейин узартылды.

Бул мыйзам күчүнө кириши менен айыл аймактарда жана шаарларда административдик-аймактык түзүлүш өзгөрөт. Буга байланыштуу жергиликтүү кеңештер таркатылат деп белгиленет мыйзамда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/16815